2019-жылы экономикалык өсүү 4 пайызды түзөт. Бул боюнча өкмөттүн жыйынында айтылды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык институттар өлкөгө оң баасын берип жатканын билдирди.
«Дүйнөлүк банк 4 пайыз өсүү болорун айтууда. Бул көрсөткүчкө биз жетебиз. Андан тышкары, биз «Кумтөрдүн» экономикага таасирин азайтуу боюнча иш жүргүзө баштайбыз», — деди ал.