«Ата-Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку cотко берилди. Бул тууралуу «Азаттык» «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага таянып билдирди.
Маалыматка караганда, өтүнүч жаңы жагдайга, Кылмыш-процессуалдык кодекстин ишке киргенине байланыштуу берилди.
«Акыркы чечимди Жогорку сот кабыл алгандан кийин ошол жакка кайрылдык. Эми алар Биринчи май райондук сотуна жибериши мүмкүн. Бирок бизде андай малымат азырынча жок», — дейт ал.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жемкорлук айыбы менен 8 жылга эркинен ажыратылган.
Ага ырайым көрсөтүү өтүнүчү менен экс-президент Роза Отунбаева президентке кайрылган. Бирок, «Ата-Мекен» лидери ага макул болбогондуктан өтүнүч токтотулган.