05:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алтынды мыйзамсыз чыгарып бара жаткан фактынын бети ачылды

«Манас» эл аралык аба майданынан алтынды мыйзамсыз чыгарып бара жаткан фактынын бети ачылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кыргызстандык аял Индияга учмак. Текшерүү маалында анын жанынан 471,9 грамм өлчөмүндө алтын табылган. Материалдар Унаа прокуратурасына иликтөөгө жиберилди.

Эске салсак, буга чейин бажы кызматы Кыргызстандан Индияга 1 килограммга жакын алтынды мыйзамсыз ташып бара жаткан жаранды кармашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар