12:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Адилет Азимов: Азыр дагы бетке айтам, адилетсиздикти жаман көрөм

«Сүйүү күчү» аттуу ыры менен эл оозуна алынган ырчы Адилет Азимов бир канча эл аралык сынактарда баш байгелерди жеңип, Кыргызстандын туусун желбиреткен. Учурда анын аткаруусундагы отуз үч чыгарманын сегизине клип тартылган.

Ырчы жыл жаңыргандан кийин алгачкы жолу сөзү өзүнө таандык «Эркеле мага» аттуу жаңы чыгармасын жаратты. Эми алдыда клип тартууга белсенип турат. Жандуу үн, жеке концерт, болочоктогу өкүл атасы тууралуу Адилет Азимов 24.kg агенттигине айтып берди.  

— Жандуу үн менен чоң масштабдагы концерт берейин деп камданып жатыпсыз, кээ бир ырчылар жандуу ырдаш үчүн аппарат жакшы эмес же акустикасы начар деген шылтоолорду айтып келишет. Сиз буга кошуласызбы?

— Ырдайм деп каалоосу күч болгондор каалаган жерден деле ырдаса болот. Илгери комуз, аккордеон менен деле жер тандабай, эл кыдырып жандуу ырдашчу. Ал эми азыр 21-кылым, баары башкача. Азыркы замандын кишилерин таң калтырыш кыйын, бул үчүн айрыкча чыгармачыл киши ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрүшү керек. Мисалы, мен кичүү муундагылар менен улуу муундагылардын табитин билиш үчүн, алар менен баарлашып, пикир алышып турам. Угармандарга кандай ырлар жагат, кайсыл чыгармаларды сүйүп тыңдайт деп колдон келишинче баардык аудиторияны иликтегенге аракеттенем.

Ырчы болгондон кийин репертуарда баардык аудиторияга арналган чыгармалар камтылышы зарыл. Ошондо гана мегапопулярдуу ырчы болосуң.

Чынын айтканда спорт сарай ыр ырдап концерт берүүгө жарабайт. Ал эми Улуттук филармониянын акустикасы жакшы болгону менен элдин сыйымдуулугу аз.

Башка тармактарга колдоо көрсөткөндөй эле ырчылар да демөөрчүлөргө муктаж.

Элге эсте каларлык шоу тартуулаш үчүн, сапаттуу аппаратура коюш керек. Мунун баары келип эле каражатка барып такалат.

Алыска барбай эле, Орусиядагы ырчылардын деңгээлиндегидей концерт берүү үчүн, бир күнгө 15 миң долларлык аппаратураны ижарага алыш керек. Баасы ошончо болгону менен эффект да ошончолук болот. Эл музыканы жөн гана угуп койбой, аны жон-териси менен сезип, музыкага сүңгүп кирет, мындан улам аталган баа татыктуу деп ойлом. Бирок, биздин экономикалык абалдан алып караганда билеттердин баасы акталбай калат.

Ошентсе дагы менин командам билеттин баасын акташ үчүн эмес, элге ырахат тартуулоо максатын жогору коёбуз.

Буга чейин борбор калаада жеке концерт койбой жүргөнүмдүн себеби да ушул.

Алдыда жеке концертти ойдогудай өткөрүп алгандан кийин Кыргызстанды толугу менен кыдырып, өнөрүмдү тартуулайын деп турам. 

Адилет Азимовдун жеке архивинен алынды
Фото Адилет Азимовдун жеке архивинен алынды

— Ырчы Айбек Карымовду «болочоктогу өкүл ата» деп жазып сүрөтүн чыгарыпсыз, адатта айрымдары өкүл атаны адамгерчилигине карап тандаса, айрымдары ээлеген кызматына, байлыгына карап дайындашат. Сиз кандай критерий менен тандадыңыз?

— Айбек Карымовду өкүл ата болуп бер деп өзүм сунуштадым. Кыргыздарда илгертеден эле ата-энелер акыл-насаат айтып турсун деп өздөрүнө жаккан кишини өкүл ата кылып койчу. Буга чейин ата-энем мага дагы жакшы досун болочокто өкүл ата болот деп дайындап коюшкан, тилекке каршы ал кишинин көзү өтүп кетти. Мен алгач чыгармачылыкка келгенде Айбек байке негиздеген «Бейне» трио тобуна киргем. Көп жылдар бою байкенин кишилерге жасаган мамилеси, жүрүм-туруму, адамгерчилиги, адамдык сапатынын бийик экенин байкадым. Айбек Карымовдун «Кош сахна» аттуу концертинде элдин көзүнчө «мага өкүл ата болуп бере аласызбы?» дедим. Ал жакшы сөздөрүн айтып, «талантуу баласың, албетте болом» деп макулдугун берди. Буга чейин Айбек Карымов менен жубайы Гүланданын 30га жакын өкүл балдары ар бир облуста бар экенинен кабарым бар.

— Социалдык түйүндөрдүн активдүү колдонуучусу катары айтсаңыз, «5000 сом уткула, жазылгыла, досторуңарды тиркегиле» деген сыяктуу жарнамалар сизге кандай пайда берет?

— Мындай жарнамалардан ырчыларга пайдасы катталуучулардын саны артат. Чынын айтсам алгач мындай жарнамаларды таркатуудан мурун анын так экенин аныктайм. Чынында эле айтылган сумманы береби, элдин алдында уят болбош үчүн баарын тактап, териштирип турам. Албетте жарнама берүүчү тарап сунуштаса аткарам. Бул биз үчүн оңой эле нерсе, жарнаманы бөлүшүп коёбуз.

— Былтыр Жумамүдүн Шералиев атындагы сыйлыкка ээ болдуңуз, ушул туурасында айтып берсеңиз, бул сыйлыкка кантип татыдыңыз? Дагы кандай наамдарыңыз бар?

— Буга чейин композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык юбилейине карата ырын аткарып чыккам. Чыгарманы мыкты ырдагандыктан былтыр сыйлыкка татыдым. Негизи Кыргызстандын атынан көп жолу эл аралык сынактарга бардым.

Менин эсебим боюнча 7ден ашуун баш байге, калганы байгелүү орундарга илиндим.

Тактап айта кетсем, Казакстанда өткөн эл аралык Шамши Калдаяков атындагы сынагынын, «Baltic Super Star», Хакасиядагы «От ыры-2015», «Мейкин Азия-2015», Уфа шаарында өткөн «Урал Моно-2016» сынактарынын жеңүүчүсү аталдым. Былтыр Арменияга барып Кыргызстандын атынан кыргыз музыкасын таанытып келдим. 
Адилет Азимовдун жеке архивинен алынды
Фото Адилет Азимовдун жеке архивинен алынды

Аталган сынактардын дээрлик баарына өз каражатымдан барып катыштым. Мамлекеттен эч кандай колдоо болгон жок. Болгону жергиликтүү айрым жетекчилер гана (жердештер) өз каражаттарынан жардам беришти. Тилекке каршы, азырынча наамдарым жок, бирок баары алдыда деп ишенем.

Наамды дагы элге эмгек сиңирип алыш керек. Эрте жашта наам алган уят деп ойлойм.

Ар бир облустун айылдарын кыдырып, концерт коюп, ысык-суукка күйүп бышып, маданият үйлөрүндө эмгектенип анан наам алыш керек деген пикирдемин. 
Адилет Азимовдун жеке архивинен алынды
Фото Адилет Азимовдун жеке архивинен алынды

— Шоу бизнесте мени жактырбагандар бар, бетке айтам деп маектериңизде айткан экенсиз, азыр деле бул сапатыңыз сакталып калдыбы? Же убакыттын өтүшү менен жумшарып калдыңызбы?

— Азыр дагы бетке айтам, адилетсиздикти жаман көрөм. Чындык үчүн эмоцияга алдырып тез жарылам, бирок тез жазылам. Бала кезде мушташып деле кетчүбүз, азыр ырчылар менен уруша кеткен жагдайлар болот. Ал тургай чындыкты айтам деп белгилүү ырчылар менен деле бир жылдап сүйлөшпөй койгон учурлар бар. Бирок, ысымдары сыр бойдон калсын. 

Адилет Азимовдун жеке архивинен алынды
Фото Адилет Азимовдун жеке архивинен алынды

— Гүлнур Сатылганова менен ырдаган «Болсочу» аттуу ырдын жаралуу тарыхы кандай? Кантип дуэт аткарып калдыңыз?

Мен мурда эле Гүлнур Сатылганова менен дуэт ырдасам деп кыялданып жүргөм. Чыгарманы мага Чыңгыз Турдубеков аттуу ырчы сунуштаган. Ал мага ырды Гүлнур Сатылганова менен ырдап чыксаңар сонун болот деп айтты. Алгач укканда эле ырды жактырдым. Кийин Гүлнур эжеге ыр жагып, бирге аткармай болдук. Ошентип кыялдарым ишке ашты.

Адилет Азимов

— Тойлорго барып ырдайсызбы? Гонорарыңыз канча?

- Ооба, тойлорго чакыруу болсо ырдайм. Анткени азыр концерттен акча түшпөйт, андан чыгаша эле болот. Азыр концертке киши көп деле келбейт, анткени эл ырчылардын баарын тойдон көрүшөт. Балким, ырчылардын белгилүү бир ставкасы болуп, баасы жогору болсо анда эл концертке аларды көрүп, угуу үчүн келмек. Азыр 100 же 200 доллар берип каалаган тойго чакырып көрө алам дешет.

Ал тургай мен 2 миң сомго барып ырдап жүргөн ырчыларды да билем, атын атабай эле коёюн. Бул ырчылыктын кадырын кетирүүдө. Ошондой эле бир гана ырчыны билем, Мирбек Атабеков 500 доллардан түшпөйт. Жакын адамдары «200 долларга ырдап кетчи» десе «500 долларга ырдайм, же бекер эле ырдайм» дейт. Менин пикиримде кадыр-баркты дагы ушундай сактоо керек.

Ал эми менен гонорарым 200 доллар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби