Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулуш иштери ушул жылдын март айында жанданат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Жанат Бейшенов иш сапары менен Чүйдү кыдырды. Ал Бишкек-Кара-Балта жолун калыбына келтирүү боюнча долбоордун ишке ашырылышына көз салды. Учурда аба-ырайынын шартына байланыштуу аталган аймакта курулуш иштери токтоп турат.
Бишкек-Кара-Балта унаа жолун калыбына келтирүү иштерин Сhina Railway № 5 мекемеси аткарууда. Иш 2021-жылы аяктайт.