10:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жумагүл Раимжан кызы: Талантың болбосо продюсер дагы жардам бере албайт

Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Жумагүл Раимжан кызы «Кызыл алма», «Оорусаңыз таарынам», «Күткөн жан» аттуу ырлары менен таанымал. Анын аткаруусунда 40ка жакын ыр болсо, анын жарымына клип тартылган.

Ырчынын кесиби музыка сабагынан берген мугалим. Бирок, учурда чоң сахнаны багындырып жүргөн каарманыбыз 24.kg агенттигине чыгармачылыктан кеп салды. 

Жумагүл Раимжан кызынын жеке архивинен алынды
Фото Жумагүл Раимжан кызынын жеке архивинен алынды

— Чоң сахнага канча жылдан бери чыгып жүрөсүз?

— Негизи 5 жаштан баштап ырдап баштагам, кийин 8-класста окуп жүргөндө облус, райондор аралык сынактарга катышып жүрдүм. Ал эми чыгармачылыкка олуттуу түрдө киришкениме 10 жылдан ашты. 2014-жылы Ошто алгачкы концертимди тартууладым.

Бирок, концерт берет деп эле дароо бере салган жокмун. Буга чейин элге чыга элек жаңы чыгармаларды жаратып, эл оозуна алынгандан кийин жоопкерчиликти моюнга алып концерт бердим.

— Концерт берип, чыгармачылыгыңызды, күйөрмандарыңызды таразага салсаңыз керек?

— Концерт бергенде кандай деңгээлдеги ырчы экениң билинет. Муну күйөрмандарың, угармандарыңдын жардамы менен аныктай аласың. Ар бир кичинекей ийгиликтин артында чоң эмгек жатат. Албетте, менде да кыйынчылыктар болду. Бул чөйрөгө жеңил желпи келген жокмун. Менде эч кандай продюсер, менеджер жок эле, айланамдагы жакшы адамдардын жардамы менен болгон аракетимди, күчүмдү жумшап ушул даражага жеттим. Сахнанын артында оңой оокат жок, кыйынчылыкка чыдасаң гана жемишин берет.

Азыркы тапта продюсериң же менеджериң жок эл оозуна алыныш чоң эмгек. Ал үчүн эл кабыл ала турган талантың болуш керек.

Жумагүл Раимжан кызынын жеке архивинен алынды
Фото Жумагүл Раимжан кызынын жеке архивинен алынды
— Бек Борбиевдин ырларын аткарып жүрөсүз, ал дагы ырларын баарына эле бере бербей, талантына, жөндөмүнө карап ырчыларга берсе керек?

— Буга чейин Бек Борбиевдин репертуарындагы 90-жылдары жазылган «Суктанам» деген чыгармасын тандап алып, изденип башка стилде ырдадым. Ошондо ыр негедир элдин оозуна тез алынып, авторго да жакты болуш керек. Негизи Бек агабыз ырларын бергенде кайрыктарын, обонун бузбай туура ырдагыла деп көп айтат. Ырчы менен чыгармачылыкта ага-карындаш болуп жүрөм.

Бир жолу ырчы агадан буга чейин эч ким ырдай элек чыгарма жаратып бериңиз деп сурангам. Айтканымды эки кылбай, сөзү Бактыгүл Чотуровага таандык «Оорусаңыз таарынам» деген ырга обон жаратты. Бул чыгарманын аркасы менен чыныгы күйөрманымды таба алдым. Ал эми Бек Борбиев талантымды баалайбы же жокпу аны өзүнөн сураш керек го. Чыгармачыл адамдардан «негизи оңой менен баарына ыр жазып бербейт» деп угуп калам. Учурдан пайдаланып ага ыраазычылык билдирем.

— Үнүңүзгө кантип кам көрөсүз?

— Ырчыда эң биринчи үн болуш керек. Үнүмдү өтө эле аярлап муздак суу ичпей, жаңгактарды жебей коё албайм. Жегим келсе жей берем. Айрым учурда гана үн жаздыра турган болсом же оркестрде ырдай турган болуп калсам үнүмдү аяйм. Ар бир ырчы жаратылыш тартуулаган үнүнүн үстүнөн иштеш керек.

— Сыртыңыздан караганда илбериңки, назик, шашпай кыймылдаган айымдай көрүнөсүз, чынында эле ошондойсузбу? Бирөө жарым менен урушуп, же катуу айтып көргөнсүзбү? Конфликт болуп калганда кантип чыгасыз?

— Аялзаты катары сыртымдан назик көрүнөм. Бирок, сырткы келбетим назик көрүнгөнү менен ички дүйнөм башкача, өзгөчө бир дүйнө. Ушунчалык интригасы көп чыгармачыл чөйрөдө баарын көтөрө алган гана адам элдин адамы болуп кете алат. Кичинекей кезимде шок, көп сүйлөгөн кыз болчумун, убакыттын өтүшү менен токтолдум. Мүнөзүм жеңил эмес десем болот. Ушул убакытка чейин бирөөлөр менен катуу айтышып көргөн эмесмин.

— Турмушка чыга элекмин депсиз, колуңузду сурагандар барбы?

Турмушка чыга элекмин, сааты чыкмайынча болбойт экен. Учурда жүрөгүмдүн ээси бар, толук маалымат бере албайм. Жеке жашоо олуттуу маселе болгондуктан, чыгармачылыкка аралаштырбайм.

Жумагүл Райимжан кызы

Жумагүл Раимжан кызынын жеке архивинен алынды
Фото Жумагүл Раимжан кызынын жеке архивинен алынды

— Сизди финансылык жактан колдогон адамдар барбы?

— Алгач сахнага чыга баштаганда апам, бир туугандарым колдогон. Азыр өзүмө өзүм демөөрчүмүн. Элдин жакшылыктарынан тапкан акчамды кайра эле чыгармачылыгыма жумшайм.

— Тойлордо жар-жар айтасызбы?

— Жакшылыктарга көп барам, бирок жар-жар айтчу эмесмин. Тойдун ээлери суранса дагы айтпайм деп баш тартчумун. Чынын айтсам уялчумун. Акыркы бир жылдан бери чыгармачылыгымды сыйлаган күйөрмандарымдын суранычы менен жар-жар айта баштадым.

Эң көп окулган жаңылыктар