13:25
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Замир Арыкбаев: Шоу-бизнес дагы өлкөнүн абалына жараша

Мындан 10-15 жыл мурда «Кудача кыз» жаңырбаган той, ага жок дегенде бир жолу бийлеп көрбөгөн жан калбаса керек. Бул ыр Замир Арыкбаевге ийгилик алып келип, ал эл оозуна алынды.

Айтмакчы, Замир Арыкбаев кесиби боюнча жол коопсуздугу боюнча инспектор. Бирок, таланты басымдуулук кылып, айдоочуларды көзөмөлдөөнүн ордуна обон созуп, сахнаны багындырууну эп көргөн. Ырчы «Кудача кыз» менен бирге баш баккан өнөр дүйнөсү жөнүндө 24.kg агенттигине кеп кылды.

Замир Арыкбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Замир Арыкбаевдин жеке архивинен алынды

— Бир нече жолу телеберүүдөн да көрүп калдык. Алып баруучулукту улантпай калдыңызбы?

— НТС каналына таңкы берүүгө чакырышкан, 3 жолу алып барып көрдүм. Бирок, сынагынан өтпөй калдым. Ордума башка бирөөнү чакырышты. Андан башка чакыруу болгон жок. Өзүм дагы бул иш колумдан келбейт окшойт деп ойлоп калдым.

— Эмнеге көбүнчө дуэт менен ырдайсыз?

— «Кудача кызды» Султан Садыралиев менен бирге ырдадым. Андан кийин ырчы Съездбек Искеналиев экөөбүздүн дуэттен жаралган 4 чыгарманы аткардык. Аны мага Съездбек сунуштаган. Алдыда жаш, таланттуу бир карындашыбыз менен ырдап чыгуу планда бар.

Өзүм негизи дуэт менен ырдаганды жактырам. Аны менен мен өзүмдүн репертуарымдын өзгөчөлүгүн көрсөткүм келет.

Замир Арыкбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Замир Арыкбаевдин жеке архивинен алынды

— «Кудача кыз» казактардын ыры, андан башка дагы казак, өзбек ырчыларынын ырын алып ырдайсызбы? Плагиатка көз-карашыңыз?

— 2003-жылы Казакстандын белгилүү тобунун «Кудача кызын» Султан Садыралиев экөөбүз кайра иштеп чыктык. Сөзү мага таандык, кайырмасы ошол бойдон калган.

Эми бул плагиат деп эсептебеймин. Негизи Орусиянын менмин деген жылдыздары Европалык ырчылардын чыгармаларын которуп ырдашат.

Мен музыкада тил жана чек жок деген ойго кошулам.

Болгону чыгармачылыкты сыйлап, автордон уруксат алып, ырдын калпын бузбай, аброюн түшүрбөй алып чыгыш керек.

— Жандуу үн менен концерт бере аласызбы?

— Жандуу үн менен концерт бере алам, өзүмө толук ишенем. Албетте, ошого жараша даярдык керек. Концерт берип кала турган болсом, толугу менен жандуу ырдаганга аракет кылам.

Замир Арыкбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Замир Арыкбаевдин жеке архивинен алынды

— Азыркы шоу-бизнестин сапатына кандай баа бересиз?

— «Эшегине жараша тушагы» дегендей, өлкөбүздүн деңгээлиндеги шоу-бизнес бар. Анткени эконимикалык жагдай, элдин жашоо турмушу, рыноктун көлөмү бул тармакка дагы таасирин тийгизип, чен өлчөмүн аныктайт. Андыктан азыркы шоу-бизнестин алы ушул.

— Заманга, суроо-талапка карата репертуарларды жана имиджди өзгөртөйүн деген ой барбы?

— Жаңылануу болуп турушу керек. Бирок түп-тамырынан бери өзгөрүүнүн зарылчылдыгы жок. Анүстүнө ар бир ыр өзүнүн күйөрманын табат. Элдин маданиятын, түпкүлүгүн унутпаган угармандар дагы бар.

— Инстаграм баракчаңызда канча киши катталган? Инстаграм аркылуу рекламага маани бересизби?

— Учурда 221 миң катталуучу бар. Албетте, рекламага маани берем. Азыр көпчүлүгү бул аркылуу ишин жүргүзүп калышты. Негизи бизге социалдык тармактар абдан керек, ырларыбызды элге жеткиргенге көмөк көрсөтөт.

Замир Арыкбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Замир Арыкбаевдин жеке архивинен алынды

— Кесиптештериңиздин ичинен кимди сыйлайсыз жана кимдин талантына баа бересиз?

— Баарын сыйлайм, баарын жакшы көрөм. Арасында эркелери да бар, баарына тегиз мамиле жасаганга аракеттенем. Аткаруучулук чеберчилиги өтө жогору, өзгөчө үнгө ээ деп Султан Садыралиевдин талантына баа берем. Улуу муундагы обончулардан Исрадин Аманбаев, Чубак Сатаев, Бек Борбиев, Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдин талантына баа берем.

— Ырчылыктан тажаган учур болобу?

-Ырчылыктан тажаган адамды обу жок кесир адам деп айтаар элем. Ырчылык бул эң жакшы кесип деп эсептеймин.

Ар бир кесип ардактуу, ырчылык өнөрдүн аркасы менен —ар дайым сый-урматта, дайым ак дасторкондун үстүндө жакшы адамдар менен жүрөсүң.

Эң көп окулган жаңылыктар