17:10
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды

Эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, С.А. аттуу жаран диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерин алдын алуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө кармалды. Ал экстремисттик материалдарды интернет аркылуу социалдык тармактарга таратып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз өлкөсүнүн жасалма паспорттору менен камсыз кылып турган.

«Ошондой эле террористтик мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Б.Н. аттуу жаран да кармалды. Ал шектүү С.А. жасап берген жасалма документтер менен Кыргызстанда жашынып жүргөн», — деп билдирди УКМК.



Эң көп окулган жаңылыктар