08:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Үлүштүк курулуш муниципалдык программасы боюнча 870 үй-бүлө батирлүү болушкан

2008-жылдан бери үлүштүк курулуш муниципалдык программасы боюнча Бишкекте 870 үй-бүлө батирлүү болушту. Бул тууралуу мэриянын отурумунда капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Уланбек Азыгалиев билдирди.

Айтымында, жалпысынан 2 мин 910 арыз келип түшкөн. Анын 1 миң 479у каралды.

«870 киши үйлүү болду. 609 киши документтери туура эмес болгондуктан, алардын арызы каралган жок. 1 миң 431 арыз алдыда каралат», -деди ал.

Уланбек Азыгалиевдин айтымында, жаңы батирлердин ээлери -жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, билим берүү, саламаттык сактоо, муниципалдык ишкана, күч түзүмдөрү тармагынын кызматкерлери, пенсионерлер, майыптар жана башкалар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума