11:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москвада кыргызстандыкты сабап салган шектүү кармалды

Москвада коммуналдык чарбанын кызматкерин иш берүүчүлөр сабап салышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиядагы Кыргызстандын ТИМ өкүлчүлүгүнө 1998-жылы туулган кыргызстандык жарандын сабалышы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жабырлануучу башынан жана бетинен жаракат алган.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери шаардык клиникалык ооруканага барып, жабырлануучунун абалы менен таанышты. А.Х. аттуу кыргызстандык жаран Москвада Арбат районундагы «Жилищник» мамлекеттик бюджеттик мекемесинде расмий түрдө короочу болуп иштей тургандыгы анык болду.

Жаракат алуу себеби «өндүрүштүк» деп көрсөтүлгөндүктөн, аталган факт криминалдык жаракат деп катталган эмес. Мындан улам укук коргоо органдары текшерген жок.

Аталган окуяга шектүү катары орусиялык жаран 1980-жылы туулган Г.Н. кармалды. Ал «Жилищник» мекемесинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп турган.

Учурда тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Анда шектүүгө «Атайлап ден соолукка залал келтирүү» беренеси боюнча айып тагылууда.


Эң көп окулган жаңылыктар