Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы жана газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, газ жана жарык төмөнкү даректерде берилбейт:
9:30дан 11:00гө чейин Матросов, Сумск көчөлөрүндө;
9:30дан 12:00гө чейин 7-кичи районунун 26-28 көчөлөрүндө жана Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү 150-үйдө;
9:30дан 14:00гө чейин Байтик баатыр көчөсүндө;
9:30дан 17:00гө чейин Гоголь көчөсүндө, Арча-Бешик конушунун Алты-Түтүн, Чортеков көчөлөрүндө;
9:30дан 18:00гө чейин Тынчтык конушунда, Токтогул, Үмөталиев, Сыдыков, Тимирязев, Медеров, Темиров, Шоруков, Горький, Калык Акиев, Абдумомунов, Рыскулов көчөлөрүндө;
9:40тан 17:00гө чейин Учкун конушунда, Щербаков, Орозбеков, Тоголок Молдо, Мичурин, Пролетарский, Изюм, Майлуу-Сай, Баткен көчөлөрүндө;
10:00дөн 18:00гө чейин Көк-Жар конушунда;
11:00дөн 15:00гө чейин Элебаев, Карасаев, Медеров, Байтик баатыр, Чернышев, Горький көчөлөрүндө электр жарыгы жана газ өчүрүлөт.