20:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык жарык төмөнкү даректерде жок болот:

9:00дөн 17:00гө чейин Бөкөнбаев, 1, Герцен, 1, 3, 6, 9, Сүйүмбаев, 2, 4, 6, 8, Орто-Сай айылы (Рысмендеев көчөсүндө), Бектенов, Ахунбаев, Широкий, Керамический, Тыныстанов, Сеченов, Щусев, Щербаков, Балхаш, Предгорный, Перекопский, «Келечек» конушу (9-11 жана 15-көчөлөрдө);

9:30дан 17:00гө чейин Юнусалиев, Жантөшев, Логвиненко, Панфилов, Токтогул, Арча-Бешик конушу, Шералиев, Эркин-Тоо, Шабдан Баатыр көчөлөрүндө;

9:30дан 18:00гө чейин Тоголок Молдо, Ананьев, Васильев, Бейшеналиев, Чокморов, Жаш Гвардия бульвары, Москва көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар