09:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мунапыс . 285 соттолгон жаранды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу сунушталды

Бүгүн Жогорку Кеӊештин жыйынында «Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен, жазык жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү негизги жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөндөгүлөрдү бошотуу сунушталат:

1) беш жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жетпеген адамдар;

2) 60 жаштан улгайган эркектер, ошондой эле 55 жаштан улгайган аялдар;

3) I жана II топтогу майыптар;

4) экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;

5) анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.

Мыйзам долбоорунун 3-беренеси менен, ушул мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна дал келбеген адамдардын жаза өтөлбөгөн мөөнөтү төмөндөгүдөй кыскартылары сунушталат:

1) жатак-абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорго — жарымын;

2) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алгандагы мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго — үчтөн бирине;

4) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 15 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго — бештен бирине;

6) тарбиялык жатак-абактарында жаза өтөп жаткан, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгон жашы жетпегендерге — жарымын.

Ошентип, бүгүнкү күндө мунапыска 4 миӊ 172 адам, алардын ичинде, 1-берене менен 285 (адам жазадан бошотулат) туура келет. Талкууда 2 миӊ 172 адамдын 285и түрмөдөн бошоп, калганы жаза мөөнөтүнөн кыскартылаары белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар