13:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Былтыр чек арачылар 36 миллион 460,8 миң сомдук контрабанда кармашкан

2018-жылы Кыргызстандын чек арачылары 36 миллион 460,8 миң сомдук контрабанда кармап, 1 миң 8 килограммдык кендир табышкан. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр мамлекеттик чек арадагы абал туруктуу болду. Бирок, 11 окуя катталды. Кыргыз-тажик чек арасында 7, кыргыз-өзбек чек арасында 4 окуя болгон.

«2018-жылы мамлекеттик чек араны бузган 205 киши кармалган», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар