13:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Адил Турдукулов эмнеге Абылгазиевдин отставкасын талап кылганын түшүндүрдү

Белгилүү активист Адил Турдукулов азыркы өкмөттүн отставкасын талап кылууда. Бул тууралуу ал «Жаңы ордо» гезитине билдирди.

Активисттин айтымында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн кетирип, президентке да, парламентке дагы көз карандысыз, саясый салмагы оор өкмөттү түзүү керек.

«Мен Абылгазиевдин отставкасын жөн жерден талап кылган жокмун. Биз чакан өлкө катары тышкы инвестицияга абдан муктажбыз. Анткени, бул жерде бир гана жумушсуздукту жоюу жана бюджеттин капчыгын толтуруу максаттар менен чектелбейт. Тышкы инвестор бизге жаңы технология, биз абдан муктаж болгон инновациялык башкарууну киргизет, жаңы базар чөлкөмүн да ачат. Ал эми ушул бизге аба менен суудай керек болгон тышкы инвестицияны тартууда 2015-жылдан бери терс багыт сакталууда», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби