08:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аткезчилик менен ташылып бараткан эшектин териси жүктөлгөн жүк кармалды

Бажы кызматынын кызматкерлери «Торугарт» өткөрмө пунктунан аткезчилик менен ташылып бараткан эшектин териси жүктөлгөн жүктү аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, МАN унаасы Кытайга бараткан. Текшерүү маалында мыйзамсыз ташылып бара жаткан эшектин терилери табылды. 

«Контрабанданын жалпы салмагы 11 тоннадан ашты. Эшектин териси болжол менен 500 000 сомдон ашат, материалдар Нарын облусу боюнча экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлдү», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар