Түп-Кеген унаа жолунун курулушуна 55 миллион доллар коротулат. Бул тууралуу «Өнүгүү-прогресс» фракциясынын отурумунда Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү Рената Эсембаева билдирди.
Айтымында, 50 пайызы гран, калганы насыя түрүндө.
«Баткен-Исфана-Худжант жолунун курулушунун долбоору бар, JICA менен биргеликте Түп-Кеген жолун курууну пландап жатабыз. Ошондой эле, «Каракол» туристтик базасынын жолдорун курабыз», -деди Рената Эсембаева.
Фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев жолдорду куруудан тышкары кызмат көрсөтүү системасын дагы иштеп чыгуу керек деди.