Жанат Бейшенов Унаа жана жол министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
2005-2007-жылдары ал министрдин биринчи орун басары, кийин жөн гана орун басары болуп иштеген.
Эске салсак, мурунку министр Жамшитбек Калилов былтыр декабрда кызматтан кеткен.