Нарында өз үйүнүн короосундагы сарайга ӨКМнын кызматкери асынып каза болду. Бул маалыматты 24.kg агенттигине ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, 24 жаштагы жигитти бүгүн эртең менен табышкан.
«Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала алынган маалыматка караганда, каза болгон жарандын денесинде кыйноонун белгиси табылган жок», -деп билдиришти ИИМден.