17:29
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ошто 13 жаштагы кыз муунуп каза болду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сура-Таш айылында 13 жаштагы кыз муунуп каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздын сөөгү үйдүн короосундагы бастырмадан табылган. Ал моюн орогучка муунуп алган. Окуя болгон жерге келген тергөө тобу кыздын денесинен кыйноонун белгилерин таба алган жок.

Кыздын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыздын үй-бүлөсү жана мектептеги тааныштары арасында эч кандай жаман мамиле болгон эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар