12:07
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сокулук районунда муунуп каза болгон эки адамдын сөөгү табылды

Сокулук районунда муунуп каза болгон эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, 25-майда Сокулук РИИБга жергиликтүү тургундар эки адамдын сөөгү табылганын айтышкан. 2 кишинин сөөгү бакка асылып турган жерден табылды.

Каза болгондордун бири Сокулук районунун 19 жаштагы тургуну М.Ш жана Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун 16 жаштагы тургуну Д.А., экени аныкталды. Милиция окуянын жагдайларын аныктоодо. Керектүү экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби