08:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекке үстүбүздөгү жылдын мартында жаңы автобустар алынып келинет

Бишкекке үстүбүздөгү жылдын мартында жаңы автобустар алынып келет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында борбордогу автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди.

Анын айтымында, борбор калаадагы коомдук унаалар акыркы 10 жылдан ашык убакыттан бери жаңылана элек.

«Шаардык бюджеттин эсебинен былтыр сынак өткөргөнбүз, анда келишимдерге кол коюлган. Март айынын аягында Бишкекке 69 автобус алынып келет деген ишенимдебиз», — деди ал.

Автобустар Кытайдан алынып келинет.

Эң көп окулган жаңылыктар