19:50
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Өмүрбек Текебаев 2020-жылдын 10-февралында жатак-абакка которулушу мүмкүн

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев 2020-жылдын 10-февралында жатак-абакка которулушу мүмкүн. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

«Өмүрбек Текебаевдин буга чейинки абакта отурган күндөрүн эсептөө менен аны жатак-абакка которуу сунуштамасын берүү мөөнөтү 2020-жылы 10-февралда келет. Тиешелүү документтерди абактын администрациясы даярдайт. Февраль айында жатак-абагына чыгып, андагы шартка ылайык, келишим түзүлүп жумасына бир жолу келип каттоодон өтүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал жемкорлук боюнча айыпталууда.


Эң көп окулган жаңылыктар