15:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

3 жылдан бери жылуулук үчүн төлөмдөр кандай эсептелерин билбеген Токмоктуктар

Токмок шаарынын тургундары 3 жылдан бери жылуулук үчүн төлөмдөр кандай эсептелерин биле албай келишет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Айтымдарында, Токмок шаардык жылуулук түйүнүнүн кызматкерлери абоненттерге сандар кантип жана кайдан келип жатканын түшүндүрүүдөн баш тартышкан.

«Аянты 35 чарчы метр жана 60 чарчы метр болгон үйлөргө бирдей сумма чыгат. 3 жылдан бери эч ким жооп бербейт. Жөн гана иш бөлмөсүнөн кууп чыгышат», -деп нааразы болгон окурман.

Шаардыктар мэрияга дагы кайрылышкан, бирок тыянак чыккан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар