14:17
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо иштери аяктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан менен чек араны демаркациялоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөлөр ортосундагы чек араны демаркациялоо тууралуу келишимге 2017-жылы декабрда Жээнбековдун Астанага жасаган сапары маалында кол коюлган. Кыргыз парламенти аны былтыр декабрдын башында ратификациялаган.

Демаркацияланган мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1257,07 чакырымды түзөт.

Эки өлкө ортосунда 683 чек ара белгилери жана 1055 чек ара мамылары орнотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби