16:22
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргыз тасмаларынын катарын «Жиндиканадан качкандар» аттуу жаңы тасма толуктады

Кыргыз тасмаларынын катарын «Жиндиканадан качкандар» аттуу жаңы тасма толуктады. Фильмдин бет ачаары кечээ «Манас» кинотеатрында болду. Бул тууралуу тасма жаратуучулар 24.kg агенттигине билдиришти.

Аталган тасма тартыла электе эле коомчулук арасында чуу жаратып, талкууга алынган. Алгачкы аталышы «Чым-Коргондук качкындар» болгондуктан, айылдын жергиликтүү тургундары нааразычылык билдирип, тасманын атын өзгөртүүнү талап кылышкан. Кийин тартуучу топ комедия жанрындагы фильмдин аталышын «Жиндиканадан качкандар» деп койгон.

Тасмада турмушундагы ар кандай жагдайлардан улам психикалык ооруга чалдыккан адамдар тууралуу тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар