Бишкектеги Юнусалиев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде № 6 автобустун айдоочусу Жол кыймылынын эрежелерин бир канча жолу бузган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.
Маалыматка караганда, алгач автобус жол чырактын кызыл белгисинен өткөн. Андан кийин жүргүнчүлөрдү тыюу салынган жерден токтоп түшүргөн.