19:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өлкөдө катталган өлүмдүн 14 пайызы айлана-чөйрөнүн булганышынан улам болууда

Кыргызстанда катталган өлүмдүн 14 пайызы курчап турган айлана-чөйрөнүн булгангандыгынан улам келип чыгат. Бул тууралуу БУУнун өкүлү Озонния Ожиело билдирди.

«Биз курчап турган айлана-чөйрөнүн булганышынан зыян тартуудабыз. Бул адамдардын ден соолугуна таасир берет. 2015-жылы дүйнө жүзүндө 9 миллионго жакын киши курчап турган айлана-чөйрөнүн булгангандыгы үчүн эрте каза болгон», -деп билдирди ал.

Озоннии Ожиелонун айтымында, биринчи кезекте кедей өлкөлөр жабыр тартууда. Каза болгондордун 90 пайызы аз деңгээлдеги кирешеси болгон өлкөлөрдө жашагандыгы аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар