21:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өмүрбек Бабанов: Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам

«Республика-Ата Журт» саясий партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов Фейсбуктагы жеке баракчасына «ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам» деген билдирүү жазды.

«Урматтуу өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары. Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар», -деп жазды ал.

Өмүрбек Бабанов кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат деп билдирди. «Бүгүн болсо «Де-Факто» гезити дагы калп маалымат жазып, аны башка сайттар дагы чыгарышты. «Де-Факто» гезитин макаласын дагы төгүндүккө чыгарууну сурайм», -деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары менен жолугуп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүүдө Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен айыпталып, кылмыш иши козголгон.

Бабанов учурда Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума