14:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши токтоп турат

Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иш учурда токтоп турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.

Идирис Кадыркулов учурда бул иш боюнча жөнөтүлгөн сурамдарга жооптор күтүлүп жаткандыгын айтты.

Депутат Руслан Казакбаев ишти териштирүүнү тездетүү зарылдыгын билдирди.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоо жараяны учурунда Ош шаарында сүйлөгөн сөзү үчүн «улуттук кастыкты козгоо» беренеси менен иш козголгон. Андан тышкары, ЖКнын депутаты Канатбек Исаевге каршы козголгон «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Бийликти күч менен басып алуу аракети» ишинин алкагында дагы Бабановго айып тагылган.

Бабанов учурда Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар