08:55
USD 84.80
EUR 98.72
RUB 1.19

Депутат: Айыппулду жогорулаткандыгы үчүн ишкерлик көмүскө алдына кетет

Өкмөт жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга айыппулду жогорулаткандыгы үчүн ишкерлик көмүскө алдына кетет. Бул тууралуу экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Азамат Арапбаев билдирди.

Айтымында, жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга айыпты жогорулатуу туура чечим, ошол эле маалда кемчиликтер дагы бар. Бузуулар тууралуу жаңы кодексте жеке жана юридикалык жактарга айыппулдун өлчөмү бир топ айырмаланып турат.

«Мисалы, коопсуздук курун тагынбаган жеке тарап 1 мин сом айып төлөйт, ал эми юридикалык жактар 5 эсе көп төлөйт. Бир эле эреже бузулса уюумдун же мамлекеттик органдын айдоочусу алда канча көп айып төлөйт. Жыйынтыгында компания көмүскөгө кетет, анткени көп төлөбөөнүн жолун издей баштайт. Жол коопсуздугун ойлоо жакшы нерсе, бирок ишкерликти да унутта калтырбоо керек», -деди Азамат Арапбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар