USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Ошто карт күрткүсүнөн улам бир нече ички чарбалык жолдор жабылды

11:47, 15 января 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусунда катуу шамалдын кеспетининен кар күрткүсү пайда болуп, бир нече ички чарбалык жолдор жабылды, аларды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагында болгон катуу шамалдын кесепетинен, Ылай-Талаа-Шаркыратма ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күркүткүсү пайда болгон. Ошого байланыштуу айыл аймак башчысынын оозеки буйругунун негизинде унаа жол жабылган.

Тартылган техниканын жардамында унаа жолду тазалоо иш-чаралары бүгүн уланууда.

Ошондой эле, Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында катуу шамалдын кесепетинен Бек-Жар-Кичи-Тээке ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күркүткүсү пайда болгондугуна байланыштуу, айыл аймак башчысынын оозеки буйругунун негизинде унаа жол жабылган.

Унаа жолду тазалоо иш-чаралары бүгүн уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика