02:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жер маселеси боюнча алданып калган жарандар Ак үйдүн алдында митингге чыгышты

Жер маселеси боюнча алданып калган жарандар Ак үйдүн алдында митингге чыгышты. Бул тууралуу нааразы тарап 24.kg агенттигине билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 10дон ашуун тургундары кийин кызыл китеп чыгарып беребиз деген кепке ишенип, айдоо жерлерди сатып алышкан. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин колдоруна эч бир документ алыша элек. Адистердин айтымында, айдоо жерлеринин кызыл китеби болбойт, ал жерлерге жашыл китеп гана берилет.

Нааразы болгондор колдоруна «Сабатсыз аткаминерлер мыйзамды бурмалоодо, биз жерлерди мыйзамсыз басып алгандардан эмеспиз, биз мыйзамды так сатктайбыз, кызыл китептер берилсин», -деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

«Тургундар жер сатып алганда изилдебей туруп, кийин жер саткандардын «документ алып беребиз» дегенине алданып калышууда. Негизи көп жерлер айдоо жерлери болуп, ал жерге адамдар там куруп алып жаткандыгы үчүн, учурда мамлекет жерлерди трансформациялоо чечимин чыгарып жатат», -дешет адистер.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума