07:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Белгисиз бирөөлөр Ленин РИИБнын кызматкерин зордуктоого аракет кылышкан

Чүй облусуна караштуу Лебединовка айылында белгисиз бирөөлөр Бишкектеги Ленин РИИБнын кызматкерин зордуктоого аракет кылышкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Кызматкер Токмоктон Бишкекти көздөй жол тосуп келе жаткан. Лебединовкага жеткенде аны белгисиз бирөөлөр зордуктоого аракет кылышкан.

Чүй ОИИБдан билдиришкендей, зордуктоого аракет жасоо тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматка караганда, шектүүлөр кармалып, № 1 тергөө абагына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар