00:04
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Президент Сокулук районун кыдырат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн региондору боюнча иш сапарларын улантууда. 2019-жылдагы алгачкы иш сапарын Мамлекет башчысы бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунан баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушат, «Агропродукт Азия» айыл чарба логистикалык борбору жана «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу ишкана менен таанышат.

Президент ошондой эле Сокулук районундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо борборуна да барат.

Эң көп окулган жаңылыктар