23:42
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өкмөт башчы: Жазаларды катаалдаштыруу — жолдогу тартипти сактоого багытталган

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-январдан тарта күчүнө кирген айыппулдар боюнча пикирин билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматы таркаткан кабарда жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу маселеси боюнча атайын кеңешме өткөндүгү айтылат.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчы, жол кыймылы эрежелерин бузгандыгы үчүн жазаны катаалдатуучу жаңычылдыктар коомчулукта ар-түрдүү реакцияны жараткандыгын белгиледи.

Бири аны жактаса, бири нааразычылыгын айтууда. Бирок биздин милдет — жолдор коопсуз болуп, адамдар кырсыктан тышкары болуусу саналат. Өлкөдөгү айдоочулардын маданиятын өзгөртүүгө, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактай билүүсүнө жетишүүбүз керек. Жазаларды катаалдаштыруу көбүрөөк айыппул салууга эмес, жолдордогу тартипти сактоого багытталган.

Мухаммедкалый Абылгазиев

«Эгерде айрым ченемдер катаалдаштырылган болсо да, алар милдеттүү болуп саналат жана аларды өлкөнүн ар бир жараны аткарышы абзел. Жарандарыбыз жазадан эч кимдин кача албастыгын түшүнүүсү маанилүү», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошону менен бирге премьер-министр укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында коррупцияны ачыктоо жана жоюу боюнча активдүү иштер жүрүп жаткандыгын айтты.

Таза иштебеген инспекторлордон кызматына жана наамына карабастан арылабыз. Ошондуктан мен кыска мөөнөттө коррупциялык фактыларды болтурбоо жана алардын бетин ачуу боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгууну тапшырдым

Мухаммедкалый Абылгазиев

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума