USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Ошто күйөө баласы кайын энесине бычак сайды

09:01, 08 января 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда күйөө баласы кайненесинин чекесине, санына жана колдоруна бычак сайып салды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун денесинен бир нече жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Анда 44 жаштагы аялдын үйүнө күйөө баласы келип, эч себепсиз анын чекесине, колдоруна жана санына бычак менен бир нече жолу сайып жиберген. Кесепетинен аял денесинен оор жаракат алган.

Аталган кылмышка шектелип Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну кармалды.



Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика