23:21
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жалал-Абадда депутат түзөтүү колониясына баңгизат алып кирүүгө аракет кылган

Жалал-Абад облусундагы Арал айылдык кеңешинин депутаты № 10 түзөтүү колониясына баңгизат алып кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 42 жаштагы О.А. түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткан инисине кездешүү үчүн келген.

««Баңгизатын мыйзамсыз сактоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Депутат кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бирок, Жалал-Абад шаардык соту кармалган жаранды үй камагына чыгарды», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар