00:11
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кыргызстанда 12 баллдык жер силкинүү коркунучу бар

Кыргызстанда 102 тектоникалык жаракалар бар. Бул боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов билдирди. 

Парламент бүгүн «Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорун каржылоо тууралуу Кыргызстан менен эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосундагы келишимди карады. 

ӨКМ башчысы Нурболот Мирзахмедовдун айтымында, өлкөдө 102 тектоникалык жаракалар бар. 12 баллдык жердин силкинүүсү толугу менен болушу мүмкүн.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстанга 20 миллион доллар каралат, анын жарымы грант түрундө, калганы насыя.

Депутат Эльвира Сурабалдиева сейсмикалык туруктуулук боюнча ӨКМнын программасына канча мектеп кирди деп кызыкты. ӨКМ башчысы маалыматты кийинчерек бере турганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар