01:01
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Туризм департаментин премьер-министрдин жеке карамагына өткөрүү сунушталды

Туризмди өнүктүрүү үчүн премьер-министрге түздөн-түз баш ийе турган өзүнчө түзүм керек. Бул тууралуу тегерек столдо депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Ал билдиргендей, туристтик чөйрө өлкө экономикасы үчүн эң маанилүү болуп саналат. Аны өнүктүрүү үчүн мыйзамдуулук, шарт түзүү жана туристтерге болгон мамиле башкы орунда болушу керек.

«Жайында милиция туристти токтотуп, жарым саат эзиптир. Алар патрулдук кызматы экен, токтотконго укуктары жок болчу. Анын жолдошу баарын видеого тартып интернетке салып коюптур. Мындан кийин биз канча туристтен кол жуудук? Канча жолу аба майдандарда тартиптүү, билимдүү, туристтер менен иштеше турган милиция болушу керек деп айтып келишет», -деди депутат.

«Өкмөт өзүнчө түзүмдү түзүү боюнча кечигип жатат. Биз туризм департаментин Маданият министрлигине катып салдык. Туризмди өнүктүрүү үчүн премьер-министрге түздөн-түз баш ие турган өзүнчө түзүм түзүү керек. Буга өкмөт башчы да макул», - деди эл өкүлү.

Эң көп окулган жаңылыктар