12:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Душанбеде биринчи жолу жаңы жылдык базар ачылды

Душанбенин борбордук аянтында Европа өлкөлөрүндөгү Рождество жарманкелерин элестеткен алгачкы жаңы жылдык базар пайда болду.

Жарманкеде ар түрдү жаңы жылдык сувенирлерди сатып алса болот. Колго жасалган балаты оюнчуктары, керамика, жыгачтан жасалган үй буюмдары, улуттук таттуулар бар. Рождество жарманкелериндегидей бул жерде да шам-шум кылууга мүмкүн.

Душанбенин Дусти аянтында декабрдын башында эле өлкө тарыхындагы эң бийик жаңы жылдык балаты орнотулган. Шаар мэриясынан кабарлашкандай, анын бийиктиги 28 метр, диаметри 13 метрди түзөт.

Быйыл башкы балатынын алдында эстрада ырчыларынын катышуусунда майрамдык шоу өтөт. Душанбе мэри Рустами Эмомали калаадагы бардык эс алуу парктарында 20-декабрдан тарта 5-январга чейин театрлаштырылган жаңы жылдык оюн-зоокторду көрсөтүүнү тапшырган. Көрүү — акысыз.

Бирок Тажикстанда айрымдар Жаңы жылды майрамдашпайт: тажик жаңы жылы жазында — Ноорузда белгиленет дегендердин катары көбөйүүдө. Эки майрамды тең четке кагып, бул исламга жат келет дегендер да жок эмес. Ошентсе да сурамжылоолорго караганда, калктын 80% Жаңы жылды майрамдайт.

Эң көп окулган жаңылыктар