Партия экс-президент Алмазбек Атамбаевдин менчиги эмес. Бул тууралуу «КСДП Атамбаевсыз» кыймылынын партиялык жыйынында айтылды. Жыйын Бишкектеги Октябрь районунда өттү.
Кыймылдын лидери Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, саясий уюмда эч кандай жик жок. Партия бар, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бар.
«Жакынкы аралыкта биз өткөрө турган съездге мурунку президент Алмазбек Атамбаевди расмий түрдө чакырабыз. Андан тышкары депутат Ирина Карамушкина, Фарид Ниязов чакырылат. Алмазбек Атамбаев КСДПнын лидери болууга татыктуу экенин тастыктасын. Бирок, ал келбейт. Ал эми аны партиядан чыгаруу тууралуу маселени талкууга алабыз, маселени добуш берүүгө коебуз», -деди Сагынбек Абдрахманов.