Бишкектеги Калык Акиев көчөсүндөгү тургундар павильонду алып салууну суранышат. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигине билдиришти.
Айтымдарында, көчөлөрдү оңдоп жатканда баардык киоск жана павильондорду алып салышкан.
«Жакында эле № 73 балдар бакчасынын жанында, газондун үстүнө кайрадан павильон орнотушту», -дешет тургундар. Алар объектти алып салууну суранышат.