15:20
USD 84.79
EUR 98.85
RUB 1.19

«Делбирим» тасмасы Түркияда көрсөтүлөт

«Делбирим» тасмасы Түркияда көрсөтүлөт. Бул боюнча тасманын продюссери Паризат Жакыпбекова билдирди.

Анын маалыматында, тасма 22-23-декабрда Стамбулда, 24-декабрда Кастамонуда, 25-декабрда Анкарада, 27-декабрда Антальяда коюлат.

Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» повестинин негизинде тартылган тасма Кыргызстанда 5-декабрдан тарта көрсөтүлө баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар