23:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Паризат Жакыпбекова: Мурдакы «Делбирим» менен азыркынын айырмасы чоң

Декабрь айында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган «Делбирим» тасмасы жарыкка чыгат.

Кино-кыйноо деп бекер айтылбаса керек. Тасма Өзбекстан жана Кыргызстанда тартылды. Эки өлкө биргелешип тарткан биринчи тасманын баянын «Дан» продюсердик борборунун жетекчиси Паризат Жакыпбекова 24.kg агенттигине айтып берди. 

Паризат Жакыпбекованын жеке архивинен алынды
Фото Паризат Жакыпбекованын жеке архивинен алынды

— Кыргызстан менен Өзбекстандын тасма жаратуучулары тарабынан тартылган «Делбирим», 1972-жылы режиссёр Ирина Поплавская тарткан «Мен —Тянь-Шань» тасмасынан эмнеси менен айырмаланат? Дегеним, «Кызыл жоолук жалжалым» повестинин негизинде тартылса дагы, тасмада өзгөртүлүп коюлган сюжеттер орун алдыбы?

— Режиссёр Ирина Поплавскаятарткан тасмага 40 жылдан ашык убакыт болуптур. Албетте, айырмачылыктар бар, мисалы, ар бир мезгилдин, ар бир жылдын өзүнүн убагы, мезгили ошого жараша тасмасы дагы болот. Поплавская тарткан тасманы укмуш тасма деп айта албайм, балким 70-жылдагы ошол замандын адамдары үчүн өтө керемет көрүнгөн. Биз жараткан «Делбирим» менен айырмасы асман менен жердей. «Мен —Тянь-Шанда» ошол убактагы заманды көрсөткөнгө аракет кылган, тактап айтканда ССР маалы чагылдырылган. 

Менин жеке оюмда тасма актёр маркум Дүйшөн Байдөбөтовдун аркасы менен эле элге сиңип калган.

Паризат Жакыпбекованын жеке архивинен алынды
Фото Паризат Жакыпбекованын жеке архивинен алынды
Бүгүнкү «Делбирим» таптакыр өзгөртүлдү. Анткени, заманга ылайыктап тартылды. Мисалы, мобилдик телефондор, каармандардын кийген кийимдери, жашаган үйлөрү, өзүн алып жүрүү эрежелери бүгүнкү заманга ылайыкташтырылды.

Эгерде 20-30 жылдан кийин башка муундар биз тарткан «Делбиримди» начар деп сындаса мен таарынбайм. Анткени 30 жылдан кийин башкача ой жүгүртүү болот.

-«Мен —Тянь-Шань» тасмасынын узактыгы 1 саат 35 мүнөт, түрктөр тарткан «Кызыл жоолук жалжалым» 1 саат 35 мүнөт, азыркы «Делбиримдин» узактыгы бир саат 40 мүнөт экен. Бул убакыт тасманы чагылдырып берүүгө кенен жеттиби? Тасмага кирбей калган, бирок кирсе жакшы болмок деген кызыктуу кадрлар болдубу?

— Жалпысынан тасманын узактыгы 1 саат 45 мүнөт болуп калат. Бул убакыт аралыгында чыгарманы чагылдырып берүүгө убакыт толук жетти. Албетте, тартып бирок тасмага кирбей калган жерлери бар. Кийин тасманы толук көргөндөн кийин «айрым кадрлар кирбей калганы туура эле болуптур» деп ойлоп калдым.

-1978-жылы түрк режиссеру Атиф Йылмаз тарабынан тартылган «Делбирим» тасмасында кичинекей Саматтын ролун Элиф Инчи аттуу кыз ойногон экен. Сиздерде жаш баланын ролун ким аткарды? Аны кандай талап менен тандап алдыңыздар?

Саматтын ролун «Өзбекфильмдин» кызматкеринин небереси аткарды. Ал «Делбиримге» биринчи жолу эле тартылып жаткан жок. Буга чейин өзбек тасмаларында роль жаратып жүргөн талантуу бала десем болот. Камерадан коркпой, режиссерду угуп, эч жасалмасыз ойноду.

Паризат Жакыпбекова

-Актёрлор канчалык деңгээлде образдарды ачып бере алды деп ойлойсуз? 5тик балл менен эсептегенде канча деген балл берет элеңиз?

-Беш эмес 10 деген балл берет элем. Адиз Ражапов Ильяздын ролуна аябай куп келди. Улугбек дагы Байтемирдин ролуна аябай отурду. Элина Абай кызы жана Мадина Талипбек өз ролун мыкты жаратышты. Биздин актрисаларды өзбек кинонун көркөм кеңеши жактырышып, аябай макташты.

Ал тургай «ушундай образды ачып берген актрисаларды Өзбекстандан таба алат белек» деп да айтышты.

Паризат Жакыпбекованын жеке архивинен алынды
Фото Паризат Жакыпбекованын жеке архивинен алынды
-Тасманын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөдө тартылыптыр, ал жактын киноиндустриясы алда канча алдыга кеткен болуш керек. Кандай тажрыйбаларды ала алдыңыздар?

-Өзбекстанда тасма таалаасында иштегендер халтура (сапатсыз жасалган иш) дегенди билишпейт экен. Биздин айрым киночулар нарыга салып, ишти эптеп чүргөй салышат.

Көрүүчүлөргө боло берет деген ойдо кээ бир режиссерлор тасмаларды пачкалап чыгара беришет.

Өзбекстанда баары өз ордунда, тыкыр даярданып, чыныгы кесипкөйлөр иштешет. Биз адиси жок эле тасма тартканга көнгөнбүз. Өзбектердө болсо, атайын кесипкөй оператор, анын 2-3 жардамчы, кесипкөй режиссер, анын 2-3 ассистенти жана башка кадрлар иш алып барышат. Бизде өзүбүз сценарист, өзүбүз режиссер, өзүбүз оператор жана өзүбүз костюмербиз. Ошон үчүн көп тасмалар сапатсыз болуп чыгып жатат. 

Паризат Жакыпбекованын жеке архивинен алынды
Фото Паризат Жакыпбекованын жеке архивинен алынды

— Кинодо анча-мынча көрүнүштөр өзгөрдү дедиңиз, башкы каармандардын ысымы алмаштыбы?

-«Делбиримде» ысымдар өзгөргөн жок, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында кандай жазылса ошол бойдон калды. Керек болсо режиссёр Айтматовдун чыгармасы боюнча сюжетти Ильяздын көз карашы менен чагылдырды. Мисалы, түрктөрдун бул чыгарма боюнча тарткан тасмасында Аселге басым жасап коюшкан. Аларды да туура түшүнүш керек, 60-70-жылдардын атактуу, сулуу актрисасын көбүрөөк көрсөткүсү келишкен. Алар Чыңгыз Айтматовдун чийинин карманган эмес.

Повестте баардык окуя Ильяздын көз карашы, ой-толгоосу аркылуу баяндалат. Биз жазуучунун оюунан чыккан жокпуз.

Жакында эле бул тасманын бет ачары Өзбекстанда өзбек тилинде көрсөтүлдү. Ал эми мекенибизде тасма кыргыз тилинде жарыкка чыгат. Анда Кыргыз улуттук драма театрынын белгилүү актерлору үн коштоду.    

Паризат Жакыпбекованын жеке архивинен алынды
Фото Паризат Жакыпбекованын жеке архивинен алынды

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума