15:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Делбирим тасмасынын жаңы өмүрү. Кыргыз-өзбек кино жаратуучулары тасма тартышат

Кыргызстандын «Дан» продюсердик борбору Өзбекстандын «Узбеккино» улуттук агенттиги менен бирге Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повестинин негизинде көркөм тасма тартат. Бул тууралуу «Дан» продюсердик борборунун жетекчиси Паризат Жакыпбекова «Азаттыкка» билдирди.

Маалым болгондой, башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролун өзбек актерлер, Асел менен Кадичаны кыргыз актрисалары ойнойт.

Тартуу иштери 20-июнда башталат. Билдирүүгө караганда, Ильястын ролун Адис Ражапов, Байтемирди Улукбек Кадыров, Аселдин ролун Мадина Талипбек, Кадичаны Элина Абай кызы аткарышат.

Фильм Ташкентте, Наманганда, Фергана өрөөнү менен Ташкенттин ортосундагы ашууда жана Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылат. Чыгарманын мазмуну ошол бойдон калат, бирок кино бүгүнкү заманда болуп жаткандай сүрөттөлөт.

Сценарийин жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов.

Тасманын бет ачары быйыл Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө — 12-декабрда болот.

Эске салсак, 1972-жылы Мосфильм киностудиясы Чынгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде «Мен —Тянь Шань» тасмасын тарткан. Ал эми түрк режиссеру Атиф Йылмаз 1977-жылы түрк актерлору ойногон «Кызыл жоолук жалжалым» тасмасын тартып, 1978-жылдын 11-ноябрында элге тартуулаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби