21:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кийинки жылы медициналык камсыздандыруу фонду дарылардын бааларын жөнгө салат

2019-жылдан тарта медициналык камсыздандыруу уюму дарылардын бааларын жөнгө салып баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Марат Калиев билдирди.

Депутат Аалы Карашевдин айтымында, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын көтөрүү керек.

«Кызматтын сапаты жогорку деңгээлде деп эч ким айтпайт. Бааларды эч ким жөнгө салбайт. Бир эле дары-дармек дарыканаларда ар кандай баада сатылууда», -деди ал.

Марат Калиев билдиргендей, дарылардын бааларын жөнгө салуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. 2019-жылдан тарта фонд бул процессти жөнгө салат. Келечекте фонд электрондук рецептке өтүүнү пландап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар