Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Жер титирөө 6-декабрь күнү саат 11:05те Ак-Талаа районунда болуп, 4,5 баллга жеткен.
Райондун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.