03:16
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Кыргызстанда күнүнө 460 ымыркай жарык дүйнөгө келип, 109 киши каза болот

Кыргызстанда күнүнө 460 ымыркай жарык дүйнөгө келип, 109 киши каза болот. 2018-жылы Кыргызстандын калкынын саны 103 миң 210 кишиге көбөйүп, жыл аягына чейин 6 миллион 294 миң 587 кишини түзөт. Бул тууралуу Кабар агенттиги Электрондук эсептегичтердин маалыматына шилтеме берип жазды.

Калктын табигый өсүшү оң багытта болуп, 127 миң 976 кишини түзөт. Жыл ичинде болжол менен 167 миң 786 бала төрөлүп, 39 миң 811 киши көз жумат.

Тышкы миграциянын деңгээли былтыркы жылдын ченинде калса, миграция себебинен улам калктын саны 24 766 кишиге өзгөрөт. Башкача айтканда, өлкөдөн чыгып жаткан (эмигрант) кишилердин саны өлкөгө узак мезгилге жашоого келип жаткан (иммигрант) кишилердин санынан басымдуулук кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар