19:41
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутат өлкө калкынын санын 10 миллионго жеткирүүгө үндөдү

Жогорку Кеңештин жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев урбанизация маселесин көтөрдү.

«Президент тарабынан жарыяланган административдик-аймактык реформанын алкагында урбанизация маселесин карап чыгууну өтүнөм. Шаарлардын ролун жогорулатып, калктын санын көбөйтүү керек», — деп билдирди депутат.

Кара-Балта, Жалал-Абад сыяктуу шаарлардагы калктын саны кеминде 300 миң болушу керектигин белгилеген эл өкүлү бул үчүн анда заманбап спорт комплекстерин, театрларды, университеттерди жана соода борборлорун курууну сунуштады.

Бакыт Төрөбаев экономиканы өнүктүрүү үчүн өлкө калкын 10 миллионго чейин көбөйтүү керек деп эсептейт. Чечимдердин бири катары ал жаңы төрөлгөн балдарга депозиттерди ачууну сунуштады. «18 жашка чыкканда аларда ипотека алууга, окуу акысын төлөөгө же бизнес ачууга акчалары болот», - деди парламентарий.

2017-жылдагы расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан калкынын саны 6,2 миллионго жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар